Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз башына өзү ээ боло албоо, кимдир бирөөгө көз каранды болуу, бирөөнүн эркине баш ийүү. - Атаа, ушул баланы эптеп үйлөндүрүп койсок, башы түбөлүк байланып, бизден кете албай калат эле (Баялинов). Байга башы байланган жакыр. 2. Кандайдыр бир ишке жоопкер, милдеткер болуу. Анын башы байлануу да. Ишин таштап басып кете албайт, антүүгө да жарабайт («Кыргызстан маданияты»).